# 61-статья. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 61-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-61

---

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилип, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүчү жак убактылуу типтеги курулуш жайларды курууга, изилдөө иштеринин муктаждыктары үчүн ошол жер участогундагы жалпы тараган пайдалуу кен байлыктарын жана суу объектилерин белгиленген тартипте пайдаланууга укуктуу.

2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилип, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүчү жак жер участокторун өз эсебинен мүмкүн болушунча алгачкы калыбына келтирүүгө, ал эми мүмкүн болбогон учурда жер участогуна болгон укуктун наркынын төмөндөшүнөн пайда болгон чыгымдарды жер участогунун менчик ээсине же жерди пайдалануучуга төлөп берүүгө милдеттүү.

Жер участокторун жарактуу абалга келтирүү анда аткарылуучу иштердин жүрүшүндө жүргүзүлөт.

3. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан ушул жерлерди пайдаланууну толук же жарым-жартылай чектеген иштерди жүргүзгөн, мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан жак жер салыгын жана ижара акысын кошуп алганда, ага келтирилген чыгашаны толугу менен өндүрүп берет.

ОНУНЧУ ГЛАВА. ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУКТУ ТОКТОТУУ

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-62)
