# 60-статья. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 22 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202056)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285778..1285779>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 60-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-60

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген жак жер участогунун максаттуу багытына карабастан, ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топографиялык-геодезиялык, геологиялык чалгындоо, издөө, геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун пайдаланууга укуктуу, мында жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ажыратылбайт.

2. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун ээлөөгө уруксат жер участогуна болгон укугун берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын компетенциясына ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоордо аныкталган жана кендерди пайдаланууга лицензиялык тиркемеде белгиленген мөөнөткө жана чектерге берилет.

3. Пайдалуу жер байлыгынын кендерин иштетүүдө жер участокторун ээлөөгө пайдалуу жер байлыктарын казуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды куруу жана пайдалануу үчүн уруксат техникалык долбоордо аныкталган жана лицензиялык тиркеме менен белгиленген мөөнөттөрдө, өз компетенциясына ылайык чектерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 22, 2012-жылдын 9-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-61)
