# 52-статья. Кызматтык жер аянты

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285769..1285772>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 52-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-52

---

1. Кызматтык жер аянты жер участогун убактылуу акысыз пайдалануунун өзгөчө бир түрү болуп саналат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар өздөрүнүн чарба ишинин өзгөчөлүктөрүнө таянуу менен, өз кызматкерлеринин айрым категорияларына кызматтык жер аянттарын бере алышат. Кызматтык жер аянттарын алууга укугу бар кызматкерлердин категорияларынын тизмеси жана жердин өлчөмү мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар тарабынан өз алдынча аныкталат.

3. Кызматкерлерге берилген кызматтык жер аянттарын алар огородчулукка, тоют өндүрүүгө, мал жаюуга жана чөп чабыкка пайдалана алат. Бөлүнгөн кызматтык жер аянтына турак үй жана чарба курулуштарын курууга уруксат берилбейт.

4. Кызматтык жер аянттары иштегендигине байланыштуу бөлүнүп, иштеп жаткан мезгилге берилет жана кызматкер иштен бошогондо жер участогуна болгон укук токтотулат.

5. Кызматтык жер аянтында айыл чарба өсүмдүктөрү себилип жана отургузулуп калган учурда, бошотулган кызматкердин кызматтык жер аянтын пайдалануу укугу түшүмүн жыйнап алгандан кийин гана токтотулат.

6. Кызматтык жер аянттары:

1) жашына же майыптыгына байланыштуу пенсияга чыккандан кийин эмгектик мамилелерин токтоткон кызматкерлер үчүн;

2) куралдуу күчтөрдүн катарына мөөнөттүү анык кызматка чакырылган кызматкерлердин үй-бүлөсү үчүн, ушул кызматкерлер анык кызматта болгон бүткүл мөөнөткө;

3) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү: эмгекке жөндөмсүз жубайы жана улгайган ата-энеси үчүн - өмүр бою, балдары үчүн - алардын жашы жеткенге чейин сакталып калат.

7. Ушул статьянын 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык жер аянттарын пайдалануу укугу кызматтык жер аянтын пайдаланууга берген мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучу жоюлган учурда токтотулат.

8. Кызматтык жер аянтын пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө жана анын мураска өтүүсүнө жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

СЕГИЗИНЧИ ГЛАВА. СЕРВИТУТТАР

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-53)
