# 51-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын коомдук бирикмелеринин жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан укуктары

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 51-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-51

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери калктын таламдарына тиешеси бар жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди чогулуштарга, жыйындарга катышуу аркылуу жана башка да формаларды кароого укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери жерлерди пайдалануу жана коргоо жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоону жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.

3. Иши калктын таламдарына тиешелүү болгон объектилерди жайгаштыруу үчүн жерлерди алып коюу жана берүү жөнүндө мамлекеттик органдар калкка кабарлап турат.

Жетинчи Глава. Кызматтык жер аянты

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-52)
