# 50-статья. Жер участогунун менчик ээсинин жана жерди пайдалануучулардын милдеттери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 07.03.2019 [Закон КР от 7 марта 2019 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111879)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 50-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-50

---

1. Жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууну камсыз кылууга;

11) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди максаттуу багытына жана аларды берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;

2) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды сактоого;

3) кыртыштын асылдуулугун начарлатып жибербөөгө, дыйканчылык тутумдарын колдонууга жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн сарамжал усулдарын пайдаланууга;

4) жер салыгын же жер үчүн ижара акысын өз учурунда төлөп турууга;

5) чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын жана башка адамдардын укуктарын бузбоого;

51) сугат айдоо жерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөткө чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин макулдугун алууга;

6) токой, суу жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин сактоого;

7) жер участогунда курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуп жүргөн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жердин абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга өз учурунда берип турууга;

9) ушул Кодекстин 53-статьясында каралган тартипте сервитут берилишин камсыз кылууга.

2. Жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын мыйзамдарда жана жер участогуна укук жөнүндө документтерде каралган башка милдеттери да болушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 7-мартындагы № 33, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-51)
