# 5-статья. Чет өлкөлүк жактардын жер участогуна укугу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111242); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 16.05.2013 [Закон КР от 16 мая 2013 года № 73 "О внесении изменения и дополнения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203881); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759); 07.05.2012 [Закон КР от 7 мая 2012 года № 46 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203646); 26.05.2009 [Закон КР от 26 мая 2009 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202577); 25.07.2006 [Закон КР от 25 июля 2006 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 5-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-5

---

1. Чет өлкөлүк жактарга, эгер ушул статьяда башкача каралбаса айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилбейт.

Айыл чарба багытындагы жер участогунун чет өлкөлүк жакка өтүшү универсалдуу укук мурастоо тартибинде ушул Кодекстин 37-статьясынын 2, 3-пункттарында каралган натыйжаларга алып келет.

2. Калк жашаган пункттун чегиндеги жер участоктору чет өлкөлүк жактарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укуктарында берилиши мүмкүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жылдын ичинде жер участогун кийин ажыратуу милдеттенмеси менен ипотекалык кредит боюнча өндүрүп алган учурда менчикке берилиши мүмкүн.

3. Айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдаланууга берилүүчү жерлерди кошпогондо, калктуу конуштардан тышкаркы жер участоктору чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Башка учурларда калктуу конуштардан тышкаркы жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.

Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.

31. Чек арага жанаша жаткан аймактарда турган жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга берилиши мүмкүн эмес.

4. Чет өлкөлүк банктар менен адистештирилген финансы-кредиттик мекемелерге менчикке берилген айыл чарба багытындагы жерлер жер участогун өндүрүп алуу кырдаалы түзүлгөндө, көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан күрөө жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жылдын ичинде ажыратылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 126, 2009-жылдын 26-майындагы № 171, 2012-жылдын 7-майындагы № 46, 2012-жылдын 9-августундагы № 159, 2013-жылдын 16-майындагы № 73, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-6)
