# 46-статья. Бир нече квартира жана (же) киши жашабаган жайлар жайгашкан үйдүн алдындагы жер участогуна укук

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2013 года № 120 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203928)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285781..1285782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 46-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-46

---

1. Бир нече квартира жана (же) киши жашабаган жайлар жайгашкан үйдүн алдындагы жер участогу бөлүнбөс болуп саналат жана квартиралардын жана (же) киши жашабаган жайлардын (көп квартиралуу турак үй) менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.

Квартираны жана (же) киши жашабаган жайга менчик укугун, жер участогуна болгон жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү өткөрүп бермейинче, мураска өткөрмөйүнчө, ипотекаламайынча өткөрүп берүүгө, мураска өткөрүүгө, ипотекалоого, ошондой эле ушул үлүштү квартирага жана (же) киши жашабаган жайга болгон менчик укугунан өзүнчө өткөрүп берүүгө, мураска өткөрүүгө, ипотекалоого жол берилбейт.

2. Көп квартиралуу үйдөгү турак жай жана (же) турак жайлык эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган жер участогу мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт.

Караңыздар Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын Аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 9-июлунун № 123, 2013-жылдын 9-июлундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-47)
