# 41-статья. Бөлүнүүчү жана бөлүнбөс жер участоктору

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 41-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-41

---

1. Жер участогу бөлүнүүчү жана бөлүнбөс болушу мүмкүн. Өзүнүн максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана башка милдеттүү ченемдер менен эрежелерди бузбастан, бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн болгон жер участогу бөлүнүүчү болуп саналат, алардын ар бири бөлүнгөндөн кийин өз алдынча жер участогун түзөт.

2. Жер участогунун бөлүнбөстүгү жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте чагылдырылат.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-42)
