# 40-статья. Имараттар жана курулуштар турган жер участогундагы жер участогуна укуктун ипотекасы

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2006 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285767..1285768>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 40-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-40

---

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, жер участогунда имараттар жана курулуштар турса, жер участогуна укуктун ипотекасы бир эле мезгилде көрсөтүлгөн имараттардын жана курулуштардын ипотекасы менен коштолууга тийиш.

2. Ошол имарат жана курулуш ээлеп турган жана аларды пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгү өз алдынча жер участогуна бөлүнүшү мүмкүн жана ал ипотеканын предмети болуп эсептелбейт.

3. Эгерде жер участогунда жалпы менчиктеги имараттар жана курулуштар жайгашкан болсо, имараттын жана курулуштун бир бөлүгүнүн ипотекасы, бир эле мезгилде күрөө коюучунун жалпы пайдалануудагы жер участогундагы же жалпы (биргелешкен, үлүштүк) менчиктеги үлүшү ипотекага бериле тургандыгын билдирет.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА. ЖЕР УЧАСТОГУН ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУ

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-41)
