# 4-статья. Жерге менчик

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 10.07.2020 [Закон КР от 10 июля 2020 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112093); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 117 "О внесении изменения и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203357); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203121); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202607); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057); 04.06.2005 [Закон КР от 4 июня 2005 года № 67 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1667)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 4-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.

2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

Айыл чарба жерлерин Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот. Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги,, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү:

- айылдык аймактын чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;

- шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык аймактын жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 67, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 4-берененин 3-пунктундагы тыныш белгиси “,” кайталанып калган

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-5)
