# 35-статья. Жер участогун өткөрүп берүү. Жер участогун өткөрүп берүү үчүн акы төлөө

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 28.12.2000 [Закон КР от 28 декабря 2000 года №93 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/381)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285804..1285805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 35-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-35

---

1. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, жер участогун берүүнүн шарттарында башкача каралбаса, мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксатысыз эле өзүнө берилген жер участогуна болгон укугун башка бирөөгө толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жер участогун башка бирөөгө өткөрүп берүүдө жер участогу үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

3. Жер участогунун бир бөлүгүнө карата бүтүм түзүү жердин ушул бөлүгүн белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүп, андан соң мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт.

Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жер участогунун бөлүгүн, ушул бөлүктү өз алдынча жер участогуна бөлбөстөн, менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун убактылуу пайдаланууга беришине жол берилет.

4. Пайдаланууда болгон жер участогу жарандык-укуктук бүтүм боюнча:

мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда болсо - мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга; мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо - мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө өтүшү мүмкүн.

5. Жер участогуна укукту өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте көрсөтүлүп, ал документ алмаштырылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 28-декабрындагы № 93, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-36)
