# 34-статья. Жер участогун акысыз пайдаланууга берүүнүн тартиби

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285769..1285772>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 34-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-34

---

1. Жер участогун акысыз пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулары жана башка юридикалык жактары ушул тууралу ошол участок жайгашкан жердеги ыйгарым укуктуу органга өтүнүч киргизет.

2. Жер участогун берүү жөнүндө өтүнүчтө анын зарылдыгынын максаты, өлчөмдөрү, участокту берүүнүн зарылдыгын ырастаган документти тиркөө менен участок жайгашкан жер, ошондой эле аны пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү көрсөтүлөт.

3. Жер участокторун акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө өтүнүчтөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан алар келип түшкөн учурдан тартып үч айдын ичинде каралат жана негиздүү чечилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 3. Жер участогун өткөрүп берүү

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-35)
