# 32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 14.07.2014 [Закон КР от 14 июля 2014 года № 134 "О внесении дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205355); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202607); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 217 "О внесении дополнения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202014)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 32-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-32

---

1. Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

3. Ушул Кодекстин 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга жер участоктору акысыз пайдаланууга берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын айрым юридикалык жактарына жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгү максаттар үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациалык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн.

5. Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участокторунун ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.

6. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган жер участогу мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт.

7. Турак үй куруу жана тейлөө жана жекече көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн акысыз жер участкасын алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары ушул укуктарын турак жай-курулуш кооперативдерин түзүү жолу менен ишке ашыра алышат. Бул учурда көп квартиралуу үй куруу үчүн жер участкалары турак жай-курулуш кооперативдерине ыйгарым укуктуу орган тарабынан бош жер болгон учурда бекер берилет.

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 326-IV “Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу” токтому Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруу тартиби жана аларга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участкаларын берүү Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 9-июлунун № 123, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2014-жылдын 14-июлундагы № 134, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-33)
