# 30-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112427)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112427); 24.01.2018 [Закон КР от 24 января 2018 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111745); 25.07.2017 [Закон КР от 25 июля 2017 года № 139 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111646); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 06.05.2013 [Закон КР от 6 мая 2013 года № 65 "О внесении изменения в Земельный кодекКыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203872); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203121); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202607); 28.02.2005 [Закон КР от 28 февраля 2005 года № 40 "О внесении дополнения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1636); 11.05.2002 [Закон КР от 11 мая 2002 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1034)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285813..14324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 30-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-30

---

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине берилүүчү жер участогунун чектелүү өлчөмдөрү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери (айдоо жер, кысыр аңыздар, чөп чабындылар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер) менен камсыз болушун эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө алганда 0,10 гектардан аз жер участогу (айдоо жери) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана ошол айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болот.

3. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.

4. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги чабынды участоктору менчикке берилиши мүмкүн.

Дагы караңыздар Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январы № 4 “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамы

6. Асылдуулугу төмөн жайыттар жерлердин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, андан соң Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен ал өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына 20 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

Жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүдө милдеттүү шарт болуп жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу эсептелет. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. Мал айдап өтүлүүчү асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, фаунанын эндемикалык түрлөрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн аймактар өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берилбейт.

8. Асылдуулугу төмөн жайыттар тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу болмоюнча пайдаланууга берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2005-жылдын 28-февралындагы № 40, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2013-жылдын 6-майындагы № 65, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2017-жылдын 25-июлундагы № 139, 2018-жылдын 24-январындагы № 12, 2022-жылдын 5-августундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-31)
