# 3-статья. Жер мыйзамдарынын принциптери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 3-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-3

---

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары төмөндөгү принциптерге негизделет:

1) жерди жаратылыш объектиси, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-турмушунун, өнүгүшүнүн жана иш-аракетинин негиздери катары сактоо;

2) мамлекеттик жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

3) жер рыногун түзүү жана аны натыйжалуу иштетүү;

4) жердин менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын сактоо жана коргоо;

5) жерди натыйжалуу пайдалануу;

6) жерди максаттуу пайдалануу;

7) айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгы;

8) жерге болгон укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

9) жерди пайдалануу жана коргоо боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;

10) жерге зыян келтирүүнүн алдын алуу же анын кесепеттерин жоюу;

11) жер үчүн акы төлөө;

12) жерге менчиктин бардык түрүнүн бирдейлиги.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-4)
