# 29-статья. Тоорук аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418); 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам проведения торгов, аукционов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111363); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 26.05.2009 [Закон КР от 26 мая 2009 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202577); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203121); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057); 23.06.2004 [Закон КР от 23 июня 2004 года №77 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1463)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 29-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-29

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ушул статьянын 5-9-пункттарында жана ушул Кодекстин 32статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга, электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон тоорукда сатуу аркылуу беришет. Тоорукка коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат.

Караңыздар Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартиби, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

2. Тоорукту өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча тоорук ачык жүргүзүлөт. Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.

Караңыздар Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген)

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн тоорук жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тоорукту өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында жер участогун жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.

7. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн алмашуу (алмаштыруу) жолу менен тооруктарды өткөрбөстөн мамлекеттик менчикте турган жер участогун менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жол берилет.

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому

8. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун чегиндеги жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жай кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга берилиши мүмкүн.

9. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй жер участогун белгиленген тартипте берүүгө жол берилет:

1) мамлекеттик менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга;

2) муниципалдык менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2009-жылдын 26-майындагы № 171, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-283)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-30)
