# 282-статья. Пайдалуу кендери бар аянттарда курулуш куруу шарттары

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285804..1285805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 282-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-282

---

1. Курулуш куруу долбоорлонгон участоктун алдында пайдалуу кендери бар же жок экени жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан корутунду алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жайлык комплекстерди жана башка кошумча объекттерди, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

2. Жер казынасы пайдаланылуучу жерлердеги пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды курууга, ошондой эле алар жаткан жерлерде пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууга жер казынасын пайдалануу жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда гана жол берилет:

1) эгерде келечектеги иштетүүдөн жер бетинин эсептелген деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилүүчү өлчөмдөн ашык болбогон;

2) эгерде курулуучу объект үчүн тандалган аянт пайдалуу кендердин иштетилген корунун үстүндө болгон.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларынын талаптары жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган жер участокторун берүү учурларына жайылтылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 159, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-281)  
Кийинки берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-283)
