# 281-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүүнүн тартиби

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285797..1285798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 281-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-281

---

1. Жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер казынасын пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу укугун алыш үчүн жер укуктарынын ээсине төмөнкүлөр берилет:

1) арыз;

2) жер казынасын пайдалануу объектинин тоо жана жер бөлүндүлөрүнүн бурчтук координаттары менен графикалык материалдар;

3) жердин бүтүндүгү бузулган учурда - токой фондусунун айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүүнүн эсеби.

2. Арызды кароо жана жер участогун пайдалануу укугуна документти берүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес, ал аралыкта жер укугунун ээси жер участогун берүү жөнүндө чечим чыгарууга милдеттүү. Жерге жеке менчик ээлери жер участогун жер казынасын пайдалануучуга макулдашуу боюнча бере алышат.

3. Эгерде суралып жаткан жер участогу жер казынасын пайдалануу укугун мурда алган башка жер казынасын пайдалануучуга берилген болсо, жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер участогун пайдалануу тартибин жер укугунун ээси менен техникалык долбоорго ылайык макулдашууга милдеттүү.

4. Жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө (кыюуда), үчүнчү жакка жер участогун убактылуу пайдалануу укугу да берүү жүзөгө ашырылган датага өтөт.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 159, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-28)  
Кийинки берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-282)
