# 27-статья. Жерлерди айыл чарба багытында болбогон муктаждыктар үчүн берүү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285797..1285798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 27-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-27

---

1. Өнөр жай ишканаларын, турак-жай муниципалдык чарба объектилерин, темир жана автомобиль жолдорун, май куюу бекеттерин, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды, электр линияларын, магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү куруу үчүн, ошондой эле башка айыл чарба багытында болбогон багыттар үчүн, эреже катары, айыл чарба багытында болбогон же айыл чарбасына жараксыз жерлер берилет.

2. Аталган максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринен жер участокторун берүү негизинен баасы төмөн бак-дарактар өскөн айыл чарба жерлеринен жана аянтчаларынан башка, токой өспөгөн жерлердин эсебинен жүргүзүлөт.

3. Электр, байланыштын линиялары, магистралдык түтүк өткөргүчтөр жана башка линиялык курулмалар үчүн негизинен жол трассаларынын жээгин, которуштуруп айдоо аянттарынын чек араларын, сугат тармагынын каналдарын бойлото бөлүнүп берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-28)
