# 23-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418); 18.03.2017 [Закон КР от 18 марта 2017 года № 48 "О внесении изменения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111555); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 23-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-23

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар ошол участоктун максаттуу пайдаланылышын жана жерди пайдалануучунун уставдык максаттарын эске алуу менен жер участогунда чарба жүргүзөт.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучу ушул жер участогунда белгиленген тартипте жайгашкан имараттын же курулуштун ээликтен ажыратылышы же күрөөгө коюлушу менен жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен байланышкандан башка учурларда, өзүнө таандык жер участогуна болгон укугун ээликтен ажыратууга, ошондой эле ипотекага берүүгө укуксуз.

3. Мамлекеттик жерди пайдалануучуга таандык жер участогуна болгон укугун өндүрүп алуу ага таандык имарат же курулуш жайга коюлгандан башка учурларда (ушул Кодекстин 44-статьясынын 3-пункту), жерди пайдалануучунун банкрот болгон учурлары менен бирге, кредиторлордун доосу боюнча өндүрүп алуу предмети боло албайт.

4. Мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу белгиленген тартипте өзүнө таандык имаратты жана курулуш жайды ижарага берген учурда, ушул имарат же курулуш жай бекитилип берилген жер участогуна карата жер участогуна болгон укук аны менен кошо берилет.

Имараттын жана курулуш жайдын өзүн тийиштүү түрдө ижарага бермейин, мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучунун имарат же курулуш жай жайгашкан жер участогуна карата жер участогуна укугун башка бирөөгө ижарага берүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик жерди пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер участогун ижарага берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучу кызматтык жер үлүшүн бергенден жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыргандан башка учурларда, өзүнүн пайдалануусундагы жер участогун убактылуу акысыз пайдаланууга берүүгө укуксуз.

6. Көп квартиралуу үйдү белгиленген тартипте эксплуатациялоого берүүдө менчигинин түрүнө карабастан укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн чектерде үйдүн жанындагы жер участогун берүү учурларын кошпогондо, уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан жерди мамлекеттик пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги өзүнө берилген жер участогун пайдалануу укугунан ажыратууга укуксуз.

Мамлекеттин уставдык капиталына жүз пайыз катышуусу менен ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан жерди мамлекеттик пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги жер участогун пайдалануу укугун төмөнкүлөргө берүүгө укуктуу:

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу жана/же инвестициялык макулдашуулар колдонулган мезгилде мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жеке өнөктөшкө жана/же объекттерди куруучуга;

- эксплуатацияга берилгенден кийин, чет өлкөлүк жактардын катышуусусуз турак жайдын менчик ээлеринин шериктештигине жана/же квартиралардын жана (же) турак эмес жайлардын (көп квартиралуу үйдүн) менчик ээлерине.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2017-жылдын 18-мартындагы № 48, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-24)
