# 20-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359); 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 117 "О внесении изменения и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203357); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057); 04.06.2005 [Закон КР от 4 июня 2005 года № 67 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1667)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 20-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-20

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана жер мамилелерин жөнгө салуу;

2) жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу боюнча мамлекеттер аралык жана мамлекеттик максатта Кыргыз Республикасынын чегиндеги жерге ээлик кылуу;

3) жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө башка мамлекеттер менен келишим түзүү;

4) жер реформасын жүргүзүүнү уюштуруу;

5) Айыл чарба жерлерин Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун өлчөмүн жана түзүүнүн тартибин аныктоо;

6) аларды калыбына келтирүү максатында айыл чарбасынын жана токой чарбасынын коромжулуктарынын ченемдерин белгилөө;

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтому

7) жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу, жер ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана регионалдык программаларды бекитүү;

8) жерлердин мониторингин ишке ашыруу тартибин орнотуу, жер кадастрын жүргүзүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу;

9) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдукту уюштуруу;

10) өзгөчө корголуучу аймактардын чек арасын жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;

11) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участогуна болгон укугун алып коюу (сатып алуу) тартибин аныктоо;

12) айыл чарба жерлерин (айдоо аянттарын, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди, көптөн бери пайдаланылбаган жерлерди, маданий жайыттарды, түп-тамырынан бери жакшыртылган чабындыларды, түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттарды), жер мунапысынын объекттеринен кошпогондо, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категориядагы жерлерге которуу;

13) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкы планын бекитүү;

14) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын шаар четиндеги чек арасын белгилөө;

15) жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү;

16) токой фондунун жерлерин жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, башка категориядагы жерлерге которуу;

17) суу фондунун жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу;

18) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу;

181) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын кошпогондо, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;

19) айыл чарбасынын жана токой чарбасынын жоготууларынын ордун толтуруудан келип түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитүү;

20) коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлерди жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категориядагы жерлерге которуу;

21) жерлерди которуунун тартибин аныктоо.

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 " Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу мамлекеттик жер кадастрын жана жердин мониторингин киргизүүнү, жерге жайгаштырууну жүргүзүүнү, жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди толтурууну, жерге жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүүнү жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүүнү жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 67, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-191)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-21)
