# 16-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун компетенциясы

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605); 04.06.2005 [Закон КР от 4 июня 2005 года № 67 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1667)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 16-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-16

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Жер мамилелерин жөнгө салууда Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун шаар жерлериндеги карамагына төмөнкүлөр кирет:

1) шаардын чектериндеги жер участогун шаардын башкы планына, шаарды деталдуу пландоонун жана куруунун долбооруна ылайык менчикке жана пайдаланууга берүү;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу жер мунапысынын объекттерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

3) жер мунапысынын объекттеринин тизмегин бекитүү;

4) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды шаардын административдик чектеринде пайдалануу тартибин белгилөө;

5) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

6) Бишкек шаардык жана Ош шаардык кеңештери менен биргеликте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;

7) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;

8) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;

9) баалуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн бир түрдөн экинчи түргө которуу;

10) жайыттарды, чабындыларды, айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн ушул Кодекстин 20-статьясынын 12-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуудан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу;

11) көрүстөндөргө, таштанды полигондоруна, ичүүчү суу менен жабдуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, тазалоочу курулмалардын, саламаттык сактоонун, мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, маданият жана искусство чөйрөсүнүн объекттерине бөлүнгөн жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;

12) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу;

13) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.

Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэриялары айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 67, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-17)
