# 13-статья. Айыл өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан компетенциясы

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 117 "О внесении изменения и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203357); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203121); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202607); 20.01.2006 [Закон КР от 20 января 2006 года № 7 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1795)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 13-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-13

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасы 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө айыл өкмөтүнүн карамагына тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкүлөр жатат:

1) жер участогун менчикке берүү жана ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен пайдалануу;

11) жер мунапысынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган объекттерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

2) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;

3) жерге жайгаштырууну уюштуруу;

4) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук кылуу;

5) жер реформасын жүргүзүү;

6) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү.

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-14)
