# 12-статья. Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285813..14324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 12-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-12

---

1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

3. Пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн жер участокторун жер казынасын пайдалануучуга, байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланышынын операторуна берүү учурларын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын жайгаштыруу, ошондой эле мамлекеттик корукчаларды (комплекстүүлөрдөн тышкары), экологиялык коридорлорду түзүү учурларын кошпогондо, жер участогун максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

Мамлекеттик корукчаларды түзүүдө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категорияларын (статусун) жана чек араларын өзгөртүүгө жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ЭКИНЧИ ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН, МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАГЫНДАГЫ КОМПЕТЕНЦИЯСЫ

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-13)
