# 119-статья. Жер талаштары

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 января 2021 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики", Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Земельный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112164)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285809..1285810>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 119-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-119

---

1. Жерге байланыштуу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаштары сот тартибинде каралат.

2. Жер участогун берүүгө, алып коюуга жана укукту токтотууга байланыштуу жер талаштары сот тарабынан гана чечилет.

3. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чектеринде, объекттин курулушун жана аны пайдаланууга берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт.

Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-118)  
Кийинки берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-120)
