# 118-статья. Жерге жайгаштыруу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 05.12.2003 [Закон КР от 5 декабря 2003 года № 227 "О внесении изменения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1357)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 118-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-118

---

1. Жерге жайгаштыруу жерлерди сарамжал пайдаланууну жана коргоону, жагымдуу экологиялык чөйрөнү түзүүгө жана жаратылыш ладшафттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тутумун камтыйт.

2. Жерге жайгаштыруу атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле башка келип түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Жерге жайгаштыруу долбоорлорун иштеп чыгуу жер участокторунун ээлеринин же жерди пайдалануучулардын сунуштамасы боюнча алардын эсебинен юридикалык жактар же атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Жерге жайгаштыруунун тартиби жана аны өткөрүүнүн мазмуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Караңыздар Жерге жайгаштыруу жана аны жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилди (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-декабрындагы № 227, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ ГЛАВА. ЖЕР ТАЛАШТАРЫН ЧЕЧҮҮ ЖАНА ЖЕР МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

---

Мурунку берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-117)  
Кийинки берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-119)
