# 116-статья. Жер кадастр маалыматын колдонуу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 116-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-116

---

1. Жер кадастр маалыматы жерди каттоону, жерди эсепке алууну, жерге баа берүүнүн маалыматтарынын жыйындысын түзөт жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык деңгээлдердеги органдарынын, ошондой эле ишке тиешеси бар жеке жана юридикалык жактардын пайдаланышы үчүн арналат.

2. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтары жерлерди пайдаланууда, калыбына келтирүүдө жана коргоодо, жер участокторун берүүдө жана алып коюуда, жер акысынын өлчөмдөрүн аныктоодо, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө, чарбалык ишке баа берүүдө жана жерлерди пайдаланууга жана коргоого байланыштуу башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жер-кадастр маалыматына мүмкүнчүлүк алууга карата чектөөлөр же тыюу салуулар белгилениши мүмкүн.

4. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары үчүн жер-кадастр маалыматтары акысыз, ал эми башка жеке жана юридикалык жактар үчүн белгиленген тартипте бекитилген баалар боюнча акы алуу менен жүргүзүлөт.

5. Жер кадастры үчүн чогултулуучу маалыматтар жерге болгон укукту юридикалык каттоо үчүн талап кылынбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-115)  
Кийинки берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-117)
