116-статья. Жер кадастр маалыматын колдонуу
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Жер кадастр маалыматы жерди каттоону, жерди эсепке алууну, жерге баа берүүнүн маалыматтарынын жыйындысын түзөт жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык деңгээлдердеги органдарынын, ошондой эле ишке тиешеси бар жеке жана юридикалык жактардын пайдаланышы үчүн арналат.
2. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтары жерлерди пайдаланууда, калыбына келтирүүдө жана коргоодо, жер участокторун берүүдө жана алып коюуда, жер акысынын өлчөмдөрүн аныктоодо, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө, чарбалык ишке баа берүүдө жана жерлерди пайдаланууга жана коргоого байланыштуу башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жер-кадастр маалыматына мүмкүнчүлүк алууга карата чектөөлөр же тыюу салуулар белгилениши мүмкүн.
4. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары үчүн жер-кадастр маалыматтары акысыз, ал эми башка жеке жана юридикалык жактар үчүн белгиленген тартипте бекитилген баалар боюнча акы алуу менен жүргүзүлөт.
5. Жер кадастры үчүн чогултулуучу маалыматтар жерге болгон укукту юридикалык каттоо үчүн талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан жер-кадастр маалыматына мүмкүнчүлүк алууга карата чектөөлөр … жерге болгон укукту юридикалык каттоо үчүн талап кылынбайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-116" title="116-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>