# 113-статья. Кадастрдык сүрөткө тартуу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 113-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-113

---

Кадастрдык сүрөткө тартуу жер участокторунун чек араларын белгилөө, аларды координациялоо жана кадастр карталарында жана пландарында чагылдыруу максатында аткарылуучу топографиялык сүрөткө тартуунун бир түрү болуп эсептелет. Кадастрдык сүрөткө тартуу топографиялык-геодезиялык жумуштарды жүргүзүүгө белгиленген техникалык талаптарга ылайык аэрофототопографиялык, фотограмметриялык же жердеги ыкмалар менен, жер участогунун өлчөмдөрүндө шартталган масштабдарда жүзөгө ашырылат. Кадастрдык сүрөткө тартууга кыртыштык, геоботаникалык, мелиоративдик, агрохимиялык жана башка атайын изилдөөлөр жана иликтөөлөр кирет.

---

Мурунку берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-112)  
Кийинки берене: [114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-114)
