# 111-статья. Жердин нарктык баасы (ченемдик баа)

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202577)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285774..1285775>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 111-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-111

---

1. Бардык категориялардагы жерлердин нарктык баасы (ченемдик баа) натуралдык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы аркылуу жүргүзүлөт. Жердин нарктык баасы (ченемдик баа) мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.

Караңыздар Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартиби, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунунучастоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген)

2. Ар кандай максаттык багыттагы жерлердин нарктык баасы (ченемдик баа): жерди пайдалануунун натыйжалуулук деңгээлин, жер салыгынын ставкаларын эсептөөнү, жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда келтирилген коромжулуктар менен зыяндардын ордун толтурууну белгилөө үчүн жүргүзүлөт.

3. Жерлердин нарктык баасы (ченемдик баа) боюнча маалыматтар жерге баа берүүчү маалыматты түзөт.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-110)  
Кийинки берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-112)
