# 108-статья. Жер-кадастр документтерине киргизилүүчү маалыматтар

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 108-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-108

---

1. Төмөндөгүлөр:

1) жер участогунун менчик ээсинин же пайдалануучунун аты-жөнү;

2) жер участогунун аянты;

3) жер участогуна болгон менчиктин же пайдалануунун түрү;

4) жер участогунун максаттуу пайдаланылышы;

5) жер участогунун сервитуттары;

6) жер участогунун бөлүнүшү жана бөлүнбөстүгү;

7) жер участогунун коду жана номери;

8) жерлердин курамы;

9) жерлердин сапаттык мүнөздөмөсү;

10) башка маалыматтар жер-кадастр китебине киргизилет.

2. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүдө жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун маалыматтары, жер жөнүндө маалыматтар бар токой, суу, шаар куруу жана башка кадастрлардан алынган маалыматтар пайдаланылышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү үчүн ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ишканалар, уюмдар, мекемелер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан бекер берилет.

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-109)
