108-статья. Жер-кадастр документтерине киргизилүүчү маалыматтар
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
1. Төмөндөгүлөр:
1) жер участогунун менчик ээсинин же пайдалануучунун аты-жөнү;
2) жер участогунун аянты;
3) жер участогуна болгон менчиктин же пайдалануунун түрү;
4) жер участогунун максаттуу пайдаланылышы;
5) жер участогунун сервитуттары;
6) жер участогунун бөлүнүшү жана бөлүнбөстүгү;
7) жер участогунун коду жана номери;
8) жерлердин курамы;
9) жерлердин сапаттык мүнөздөмөсү;
10) башка маалыматтар жер-кадастр китебине киргизилет.
2. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүдө жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун маалыматтары, жер жөнүндө маалыматтар бар токой, суу, шаар куруу жана башка кадастрлардан алынган маалыматтар пайдаланылышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү үчүн ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ишканалар, уюмдар, мекемелер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан бекер берилет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
108-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 13-февралы № 9 "Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2025 · № 10
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-108" title="108-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>