# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-марты № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетииин администрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын курулушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-марты № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетииин администрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын курулушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1711/edition/292672/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-марты № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетииин администрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын курулушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" (02.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7969

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 19-марты № 111

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар

министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик

агро өнөр жай комитетииин администрациялык

имаратын жана "Кыргызпочтасынын"

Оштогу ишканасынын курулушу

бүтпөгөн 80 квартиралуу

турак үйүн өткөрүп

берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2004-жылдын 12-ноябрындагы № 835,

2008-жылдын 2-октябрындагы № 555

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 4-октябрындагы

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Указын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-ноябрындагы № 436-б буйругуна ылайык жана

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аппаратын жана структу-

ралык бөлүмдөрүн Ош шаарына которуу жана жайгаштыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике

инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети, Ош областтык мамле-

кеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана ком-

муникациялар министрлиги төмөнкү имараттарды өз балансынан Кыргыз Рес-

публикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына

өткөрүп беришсин:

- Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин Ош

шаары, Маминов көчөсү, № 11 дарегинде жайгашкан администрациялык имара-

тын;

- "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын Ош шаары, Салиева көчөсү,

(ХБК) аймагындагы курулушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-ноябрындагы №

835, 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына

ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигине Ош областынын мурдагы агро өнөр жай комитетинин администрация-

лык корпусун реконструкциялоого жана ремонттоого, 80 квартиралуу турак

үйдүн курулушун бүткөрүүгө уруксат берилсин.

3. Ош областтык мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүн берилчү имарат-

тарды ижаралап турган субъекттер менен ижаралык келишимдерди ажыратуу

боюнча аныкталган тартипте чара көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике

инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети мамлекеттик адми-

нистрациялык имараттарды пайдалануу боюнча реестрге тийиштүү

өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-Министр К.Укуловго тапшырылсын.

Премьер-министр К.Бакиев
