# 41-статья. Маданият чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын иши

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/794)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 5-мартындагы № 803 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 803-XII
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2009 года № 119 "О культуре"](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-756/edition/503552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/794/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 41-статья (07.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-41

---

Маданий иш чөйрөсүндөгү коомдук уюмдар өздөрүнүн максаттарына жана

милдеттерине ылайык искусствону өнүктүрүүгө жана жайылтууга, маданий

дењгээлди калыптандырууга, граждандарды ар түрдүү көркөм баалуулуктар

менен тааныштырууга, чыгармачыл кызматкерлердин жана ышкыбоздордун ке-

сиптик чеберчилигин өстүрүүгө, алардын таламдарын коргоого көмөк

көрсөтүүгө чакырылган.

Кесиптик союздар Кыргыз Республикасынын кесиптик союздар жөнүндө

Законуна жана кесиптик союздардын Уставдарына ылайык иш жүргүзүп, граж-

дандардын эмгектик, социалдык, турмуш-тиричилик жана башка кесиптик та-

ламдарын коргойт. Алар өз мүчөлөрүнүн рухий жактан калыптанышына, мада-

ний жактан өнүгүшүнө жана эстетикалык тарбия алышына көмөк көрсөтөт.

Жазуучуларды, театр ишмерлерин, композиторлорду, архитекторлорду,

художниктерди, кинематографтарды, дизайнерлерди, элдик таланттарды би-

риктирген чыгармачыл союздар (коомдор, бирикмелер. ассоциациялар) ыкты-

ярдуу уюмдар болуп саналат. Бул союздар өзүнүн ишин өзүн-өзү актоонун

жана өзүн-өзү финансылоонун негизинде жана тиешелүү фондулук каражат-

тардын эсебинен уюштурушат.

Чыгармачыл союздардын, коомдордун, бирикмелердин, ассоциациялардын

укуктук абалы республиканын коомдук бирикмелер жөнүндө закондору тара-

бынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-42)
