40-статья. Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу
Күчүн жоготкон · 07.04.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 апреля 2009 года № 119.
Бийлик жана башкаруу органдарынын маданият тармагындагы компетен-
циясы ушул Закондун 4-статьясы тарабынан аныкталган.
Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтеринин, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациянын компетенциясы Кыргыз Республикасынын закондору та-
рабынан аныкталат. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери калкты мада-
ний жактан тейлөөнү республикада белгиленген нормативдердин жана гаран-
тияланган бюджеттик каражаттардын дењгээлинде камсыз кылууга милдеттүү.
Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык закондоруна
ылайык өз каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ылайык ма-
даниятты өнүктүрүү боюнча өз программаларын жана иш-чараларын иштеп чы-
гат жана жүзөгө ашырат.
Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана жергиликтүү мамлекет-
тик администрация өз аймагында маданияттын өнүгүшү үчүн толук жоопкер-
чиликте болот. Маданиятты башкаруунун тармактык органдары Кыргыз Рес-
публикасынын закондоруна ылайык искусство жана маданият мекемелеринин
ишин координациялоону жүзөгө ашырып, аларга уюштуруучулук-методикалык
жардам көрсөтөт.
Берененин тексти 07.04.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/794/st-40" title="40-статья - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>