# 30-статья. Маданий институттун иш жүргүзүшү

- Документ: [Маданият жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/794)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 5-мартындагы № 803 "Маданият жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 803-XII
- Кабыл алынган күнү: 05.03.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2009 года № 119 "О культуре"](https://aqlex.ai/kg/doc/202499)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-756/edition/503552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/794/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маданият жөнүндө, 30-статья (07.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-30

---

Маданий институт катталган учурдан тартып юридикалык жак болуп

эсептелет, өзүнүн атынан иш жүргүзөт, чарбалык эсептин принциптеринде

аракеттенүүгө жана өз алдынча баланска ээ болууга укуктуу.

Түзүүчү жана маданий институттун ортосундагы мамилелер устав же

башка контрактык документтер менен аныкталат.

Эгерде уставдан тышкаркы чарбалык иш анын уставдык ишине зыян кел-

тирбесе маданий институт уставдык ишин финансылоонун булактарын толук-

тоого багытталган ар кандай уставдан тышкары чарбалык ишти жүргүзө

алат.

Маданий институт убактылуу кесиптик жагынан иштебей калган жана

жумушсуз калган, кесиптик чыгармачылык коллектив аргасыздан иш

жүргүзбөй калган, ошондой эле кесиптик травма алган жана ооруп калган

учурлардагы мезгилге компенсация берүүнү караган медициналык жана соци-

алдык камсыздандыруу фондуларына белгиленген чегерүүлөрдү жүргүзүүгө

милдеттүү.

Маданий институттун жетекчиси катары жумушка кабыл алуу, дайындоо,

шайлоо же бул кызматты конкурстук негизде ээлөө жолу аркылуу жүзөгө

ашырылат жана ал түзүүчүнүн укугу болуп саналат. Башка кызматкерлер

(техникалык жана тейлөө персоналынан башкалары) басымдуу түрдө конкурс-

тук негизде контракт түзүү менен жумушка алынат.

Маданий институттун чыгармачылык ишине байланыштуу маселелерди

чечүүдө кесиптик чыгармачыл кызматкерлердин пикирине артыкчылык бери-

лет.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/794/st-31)
