30-статья. Маданий институттун иш жүргүзүшү
Күчүн жоготкон · 07.04.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 апреля 2009 года № 119.
Маданий институт катталган учурдан тартып юридикалык жак болуп
эсептелет, өзүнүн атынан иш жүргүзөт, чарбалык эсептин принциптеринде
аракеттенүүгө жана өз алдынча баланска ээ болууга укуктуу.
Түзүүчү жана маданий институттун ортосундагы мамилелер устав же
башка контрактык документтер менен аныкталат.
Эгерде уставдан тышкаркы чарбалык иш анын уставдык ишине зыян кел-
тирбесе маданий институт уставдык ишин финансылоонун булактарын толук-
тоого багытталган ар кандай уставдан тышкары чарбалык ишти жүргүзө
алат.
Маданий институт убактылуу кесиптик жагынан иштебей калган жана
жумушсуз калган, кесиптик чыгармачылык коллектив аргасыздан иш
жүргүзбөй калган, ошондой эле кесиптик травма алган жана ооруп калган
учурлардагы мезгилге компенсация берүүнү караган медициналык жана соци-
алдык камсыздандыруу фондуларына белгиленген чегерүүлөрдү жүргүзүүгө
милдеттүү.
Маданий институттун жетекчиси катары жумушка кабыл алуу, дайындоо,
шайлоо же бул кызматты конкурстук негизде ээлөө жолу аркылуу жүзөгө
ашырылат жана ал түзүүчүнүн укугу болуп саналат. Башка кызматкерлер
(техникалык жана тейлөө персоналынан башкалары) басымдуу түрдө конкурс-
тук негизде контракт түзүү менен жумушка алынат.
Маданий институттун чыгармачылык ишине байланыштуу маселелерди
чечүүдө кесиптик чыгармачыл кызматкерлердин пикирине артыкчылык бери-
лет.
Берененин тексти 07.04.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/794/st-30" title="30-статья - Маданият жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>