КР Жогорку Кеңешинин «2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен Өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсүнө байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-октябры № 1920-VI "2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен Өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсүнө байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 13-сентябрындагы № 557 токтому) "2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен Өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсүнө байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.