# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябры № 1897-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябры № 1897-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1897-VI
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10791/edition/892747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябры № 1897-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (28.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79237

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-сентябры № 1897-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- депутат Юсуров Абдимажит Лелезович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

- депутат Масалиев Исхак Абсаматович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

2. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- депутат Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетиндеги парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

- депутат Юсуров Абдимажит Лелезович Кыргыз Республикасынын "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтыгынын Комитетиндеги парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков
