# КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябры № 1999-VI "Кыргыз Республикасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябры № 1999-VI "Кыргыз Республикасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1999-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10779/edition/874153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябры № 1999-VI "Кыргыз Республикасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79225

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-ноябры № 1999-VI Кыргыз Республикасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нишанов Нургазы Нурланович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдаров Салайдин Абдираевич Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин; 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Райымкулов Бактыбек Кемелбекович, Айдаров Салайдин Абдираевич;".

3. "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Чолпонбаев Улан Сапарбекович "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

Төрага

Д. Джумабеков
