# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1838-VI
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10750/edition/887047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (20.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79194

---

КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-августу № 1838-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 1923-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1956-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI, 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI, 2018-жылдын 10-январындагы № 2176-VI, 11 апреля 2018 года № 2347-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2348-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Исаков Сапар Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна; Шадиев Аскарбек Алимбаевич - депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна; Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Кенекеев Дайыр Атакулович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна; Мукамбетов Мурат Картайбекович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна; Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна; Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна; Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна; Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна; Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна; Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна; Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна; Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна; Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна; Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна; Жумагулов Султанбек - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна; Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна; Рыскулов Уланбек Дуулатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Абасканов Нурбек Эсенканович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 1923-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1956-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI, 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI, 2018-жылдын 10-январындагы № 2176-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2347-VI, 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2348-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ч.Турсунбеков
