# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1837-VI
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10720/edition/886788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1837-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому (20.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79164

---

КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-августу № 1837-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1054-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков
