Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Депутат Кодуранова Асель Союзбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-ноябры № 1959-VI Депутат Кодуранова Асель Союзбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Кодуранова Асель Союзбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
үчүнчү абзацтагы "Төлөнов Данияр Эрмекович" деген сөздөр "Кодуранова Асель Союзбековна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 1275-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 06.11.2015 · № 16-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI "Депутат Д.Э.Төлөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө"…Постановление · 19.01.2017 · № 1275-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон