Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-июну № 1803-VI Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июнундагы № 260-б буйругуна ылайык жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн Мамлекеттик бюджеттик резервден 300,0 млн. сом суммасындагы кошумча каражаттарды бөлүүгө макулдук берилсин, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 115,0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине 185,0 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдары болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө Мамлекеттик бюджеттик резервден 300,0 млн. сом суммасындагы бөлүнүүчү каражаттарды карасын.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215