# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өкмөтү2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI "Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өкмөтү2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI "Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1957-VI
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10629/edition/862149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өкмөтү2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI "Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө" токтому (01.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79070

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-ноябры № 1957-VI Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө Кыргыздардын Евразия элдери менен тарыхый интеграцияланышы жана кыргыз урууларынын гунндук уруучул бирлигинин курамында Европага болгон улуу жүрүшүнө катышуусунун тарыхый доорлорун түзүмдөштүрүү жана биздин доордогу II кылымдын - биздин доорго чейинки VI кылымдын аралыгында Рим менен Константинополдун ортосунда улуу империя түзүү процессинде кыргыздардын байыркы тарыхынын 800 жылдыгын толук кандуу, ар тараптуу, тутумдуу изилдөө жана иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча зарыл иш-чаралар планын иштеп чыксын;

- 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын;

- ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 3 айлык мөөнөттө маалымат берсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
