Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өкмөтү «Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-ноябры № 1957-VI Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндө Кыргыздардын Евразия элдери менен тарыхый интеграцияланышы жана кыргыз урууларынын гунндук уруучул бирлигинин курамында Европага болгон улуу жүрүшүнө катышуусунун тарыхый доорлорун түзүмдөштүрүү жана биздин доордогу II кылымдын - биздин доорго чейинки VI кылымдын аралыгында Рим менен Константинополдун ортосунда улуу империя түзүү процессинде кыргыздардын байыркы тарыхынын 800 жылдыгын толук кандуу, ар тараптуу, тутумдуу изилдөө жана иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча зарыл иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын;
- ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 3 айлык мөөнөттө маалымат берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2021-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө"…Постановление · 29.11.2017 · № 2021-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.11.2018 · № 2730-VI