Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-ноябры № 1947-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жазык ишин козгоо жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч колдонуп басып алууга багытталган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Канатбек Исаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон жазык иши жөнүндөгү маселени иликтөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтому менен түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.