# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1681-VI
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10566/edition/860875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79006

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 1681-VI Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 134-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын орун жайларын жана добуш берүү үчүн орун жайлардын, алардын өрт коопсуздугун сактоо, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана коргоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялансын.

7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков
