# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу женүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу женүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1665/edition/1287240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу женүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому (27.02.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7900

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2001-жылдын 27-февралы N 64

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу женүндө жобону бекитүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекаттик комиссиялар, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бардык жеке адамдар жана юридикалык жактар өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүүдө жана эсепке алууда ушул Жобону жетекчиликке алышсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 15-декабрындагы N 539 токтому;

- "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу, социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерди камсыз кылууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-августундагы N 527 токтомунун 2-пункту.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер министри К.Бакиев
