# 2-статья. Жол фондунун каражаттарын түзүү булактары

- Документ: [Жол фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/79)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 1-июнундагы № 71 "Жол фонду жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 01.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2017 [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255); 14.03.2012 [Закон КР от 14 марта 2012 года № 12 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203612); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/79#diff=875502..875503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/79/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-68/edition/875498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/79/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол фонду жөнүндө, 2-статья (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/79/st-2

---

Жол фондунун каражаттары төмөнкүдөй булактардын эсебинен түзүлөт:

- республикалык бюджеттин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын курууга жана pеконструкциялоого багытталган акча каражаттарынан;

- автомобиль отунуна акциз салыгынан;

- транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн салыктан;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардан;

- транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан;

- Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйымдан;

- акы төлөнүүчү жолдоp жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоpундагы жасалма куpулуштаp аpкылуу тpанспоpт каpажаттаpынын өтүшү үчүн жыйымдардан;

- чет өлкөлүк инвестициялардан жана гранттардан.

(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 14-мартындагы № 12 Мыйзамына ылайык алынып салынды) Кыргыз Республикасынын Жол фондусуна ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана жол курулуштарына, кыймылды уюштуруу каражаттарына келтирилген зыян үчүн айыптык санкциялар, ыктыярдуу взностор, акы төлөнүүчү токтотмолордон жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун бойлой транспорт каражаттарын токтотуудан түшкөн каражаттар чегерилет. Көрсөтүлгөн жыйымдарды, взносторду жана түшкөн каражатты алуу тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттары атайын эсепте сакталат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2012-жылдын 14-мартындагы № 12, 2015-жылдын 3-августундагы № 211, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/79/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/79/st-3)
